Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 9
Нарын шаарындагы муниципалдык кызматынын бош административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын күн тартибине кошумча маселе кылып «Республика» фракциясынын депутаты Н.Молдокадыров Нарын шаарындагы муниципалдык бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди кабыл алууга карата конкурс өткөрүүдө, конкурстун ачык айкын болуусуна шарт түзүү максатында комиссиянын курамына Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан кошуу боюнча сунушун билдирди. Сунуш шаардык Кеңештин сессиясында талкууланып, шаардык мэриянын жоопту кызматкерлери тарабынан конкурстук комиссиянын Жобосу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2.08.2012-жылдагы Жарлыгынын редакциясына ылайык иштелип чыккандыгын жана Жободо шаардык Кеңештин депутаттарынан комиссиянын курамына кийирүү тууралу айтылбагандыгын билдиришти. Депутаттар тарабынан бул маселе боюнча кайчы пикирлер болуп жаткандыгын эске алуу менен сунушту шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда карап тактап чыгуу боюнча сунуштар киргизилди. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы муниципалдык кызматтынын бош административдик кызмат ордун ээлөө боюнча конкурстун ачык айкын болуусуна шарт түзүү максатында конкурс өткөрүү комиссиянын курамына Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарын киргизүү боюнча сунушун Мыйзам чегинде карап чыгуу Нарын шаардык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Балбаев) тапшырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын билдирүүсү шаардык Кеңештин кийинки сессиясында угулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылууну шаардык кеңештин аппарат жетекчиси-жоопту катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |