Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 10
Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын күн тартибине кошумча маселе кылып «АтаМекен» фракциясынын депутаты Э.Аскаровдун сунушунун негизинде Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Б. Жолочиевдин Нарын шаардык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык мандаттары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына дал келбей, алардын Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп тургандыгы жөнүндөгү 19-февраль 2013-жылдагы сунуш каты шаардык Кеңештин сессисында талкуулап, депутаттардын кайчы пикиринин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Нарын шаардык Кеңешине жазган сунуш катынын мазмунун Мыйзам чегинде карап тактап чыгуу жана шаардык аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү жоопту берүү шаардык Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси-жоопту катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |