Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты № 8/3
Баетов айылындагы таштандыларды чыгаруу жыйымын алуунун тарифине өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкулап.
Баетов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым алуу Кыргыз Республикасынын "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамынын 12-1 беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык. Баетов жана Кайынды-Булак айылдарынын жакюочуларынан таштанды чыгаруу үчүн жыйым жан башына жылына 15 сомдон, ал эми юридикалык жактарга иштеген кызматкерлердин санына жараша 50 сомдон болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражагтары аркылуу элге жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Г. Турусбековго тапшырылсын.
Баетов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Рысбаев |