Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-августу № 5/8
Абдрахманов Халил Абдрахмановичке Нарын шаарынын
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Абдрахманов Халил 1943-жылы 10- майда Нарын районуна караштуу Кум Бел кыштагында туулган. 1960-жылы Оттук орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Фрунзедеги Кооперативдик Техникумуна кирип, 1962-жылы аяктаган. 1962-63-жылдары Кемин райпотребсоюзунун Бурулдай сельпосунда текшерүүчү болуп эмгектенген.1963-64-жылдары Нарын соода уюмунда бухгалтер болуп иштеген.1964-1968-жылдары Түндүк деңиз Флотунда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1968-жылдын июнь айынан1969-жылга чейин соода уюмунда текшерүүчү- бухгалтер болуп иштеген. 1969-1973-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырган. 1973-1974-жылдары Нарын областык керек-жарак Коомунун товароведи жана 1974-75-жылдары облпотребсоюздун уюштуруу жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1975-1977-жылдары Ак Талаа Райпосунун башкармалыгынын төрагасы болуп шайланган.1978- 1981-жылдары Талас областынын соода уюмунун начальниги болуп иштеген. 1981-86-жылдары Ысык-Көл курорт соода уюмунун директору болгон. 1992-жылдан 2000-жылга чейин Нарын облустук айлана чөйрөнү коргоо фондусунун директору болуп иштеген.
Советтик сооданын отличниги.КРнын Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы менен сыйланган.Ак- Талаа райондук Кеңешинин депутаты, Чолпон Ата шаардык Кеңешинин депутаты болгон.
Жогорудагылардын негизинде Абдрахманов Халил Абдрахмановичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Соода тармагындагы көп жылдык эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Абдрахманов Халил Абдрахмановичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Абдрахманов Халилге атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
Э.Турсуналиев |