Редакцияот 12.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы

 

2013-жылдын 12-январы № 1-3

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо талапка ылайык өткөрүлгөндүгүн эске алуу менен, эсепөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Абдылдаев Келдибек Ажекпарович шайлангандыгы белгиленсин;

2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Жумаков Жаныбек Темирбекович шайлангандыгы белгиленсин.

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Акматалиев