Редакцияот 10.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 4-1

Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жөнүндө

Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын  жана айыл өкмөттүн Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча секторунун Ат-Башы айыл аймагында курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында жазалып жаткан иштер боюнча билдирүүлөрү жана Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүнүн Автобекеттен Ой-Терскен көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жеңил курулуштагы жана көчмө соода түйүндөрүн менчигинин түрүнө карабастан жол боюндагы баардык жерлерге жайгаштырууга тыюу салуу жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын 04.07.2013-жылдагы №1 токтому менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүнүн Автобекеттен Ой-Терскен көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жеңил курулуштагы жана көчмө соода түйүндөрүн менчигинин түрүнө карабастан жол боюндагы баардык жерлерге жайгаштырууга мыйзам чегинде тыюу салынсын;

2. Бул күнгө чейин жогорудагы аймактагы муниципалдык менчиктеги жерлерге орнотулган көчмө соода түйүндөрү жердин ижара мөөнөтү бүтүшү менен алдырылсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Ногойбаевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев