Редакцияот 10.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 4-2

Ат-Башы айылында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Жунусовдун Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагында жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы боюнча бир катар иштер аткарылгандыгы белгиленсин;

2. Тазалык иштерин дайыма колго алуу жагы "Көрктүү аймак" ишканасынын директору Т.Аралбаевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев