АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 10-июлу № 4-6
Ат-Башы айылындагы жаңы ачылган «Асылзат-Зирек» бала бакчасына каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы жаңы ачылган «Асылзат-Зирек» бала бакчасынын жетекчиси А.Тилегенованын карйылуулары менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы жаңы ачылган «Асылзат-Зирек» бала бакчасына тамак-аш жана ар кандай чыгымдары үчүн айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 300 000 сом бөлүнүп берилсин. Мунун ичинен чет элдик туристтердин мергенчилик жүргүзүүсүнөн бюджетке түшкөн 52 600 сом бала бакчанын тарбиялануучуларынын тамак-аш чыгымына, 247 400 сом бала бакчанын ар кандай чыгымдарынын биринчи муктаждыктарына жумшалсын, бул акча каражатын башкаруу аппаратынын 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясынан бала бакчага 70911 бөлүктүн 2215 статьясына которуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
Ал эми бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү 300 000 сом үчүн атайын каражатка кошумча план Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын. Бул акча каражаты бала бакчаланын тарбиялануучуларынын тамак-аш чыгымдарына пайдаланылсын;
Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын;
Ат-Башы айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Абдылдаев |