Редакцияот 10.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 4-9

Кыргыз Республикасынын Экономика министлигинин 2013-жылдын 17-майындагы чыгыш №17-2/4890 сандуу каты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2013-жылдын 17-майындагы чыгыш №17-2/4890 сандуу катындагы Ат-Башы айылындагы мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу сунушу менен таанышып жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылындагы мурдагы «Чатры-Көл» кинотеатрынын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алуудан баш тартылсын.

2. Бул токтомдун 1-пункту боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине маалымат берилсин;

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев