Редакцияот 10.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2013-жылдын 10-июлу № 4-13

Ат-Башы айылына трансформаторлорду орнотууга бөлүнгөн акча каржаты жөнүндө

Ат-Башы айылына электр трансформаторлорун орнотууга бөлүнгөн акча каражатын 2013-жылдын 4-кварталынан 3-кварталына жылдыруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылына электр трансформаторлорун орнотууга айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн 350 000 сомду 2013-жылдын 4-кварталынан 3-кварталына жылдырып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын.

 

Ат-Башы айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

К. Абдылдаев