Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-октябры № 2
Орто-Келтебек СПАсына келүүчү эксковатор турулуу
Орто-Келтебек СПАсына келүүчү жаңы трактордун баасына жана СПАга алынышына «Орто-Келтебек» СПАсынын Кеңешинин жана өкүлчүлүгүнүн жалпы чогулушунун макулдугунун протоколунун негизинде Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Орто-Келтебек» СПАсына берилүүчү эксковатордун кредиттик төлөмдөрүнө Орто-Келтебек» СПАсынын Кеңешинин жана өкүлчүлүгүнүн макулдугу жөнүндө токтом эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги аркылуу жеңилдетилген техникалык кредит түрүндө берилип жаткан эксковатор «Орто-Келтебек» СПАсына алууга макуллук берилсин.
3. «Орто-Келтебек» СПАсына техникалык кредитке эксковатор алуу боюнча келишим түзүү жаты «Орто-Келтебек» СПАсынын башчысы Ө.Бегалйевге жана Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Таштановго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы өзүмө айылдык Кеңештин төpaгасы М.Карагуловго калтырылсын.
Кара-Коюн айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Карагулов |