Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 54
2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Ош облусундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 28 чечиминин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин :
31 мандаттуу Төлөйкөн айылдык аймагы
Жалпы шайлоочулардын саны – 13 795
№ 1 «Төлөйкөн» шайлоо округу
№ 5243 жана № 5244 шайлоо участкаларынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 3555, мандаттын саны – 8
№ 2 «Учар» шайлоо округу
№ 5245 жана № 5250 шайлоо участкаларынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 3525, мандаттын саны – 8
№ 3 «Кыргызстан» шайлоо округу
№ 5246 шайлоо участкасынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 2005, мандаттын саны – 5
№ 4 «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округу
№ 5247, № 5248 жана № 5513 шайлоо участкаларынын чегинде