Редакцияот 08.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Таш айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын ачык 8-сессиясы

 

2013-жылдын 8-апрели № 10

(Чоң-Таш айыл аймагындагы жазгы айдап себүүгө кызмат көрсөтүүгө айыл чарба техникаларынын акылары жөнүндө)

Чоң-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Таш айыл аймагындагы жазгы айдап себүүгө кызмат көрсөтүүгө айыл чарба техникаларынын акылары төмөндөгүдөй

Жер айдоого- 700 (жети жүз) сом, соляркасы - 25 литр.

Сеялкага- 300 (үч жүз) сом, соляркасы - 10 литр.

Тырмоок- 150 (жүз элүү) сом, соляркасы – 6 литр.

Культиваторго- 300 (үч жүз)сом, соляркасы – 10 литр.

3. Токтом жергиликтүү маалымат караджаттарына жарыялансын.

4. Токтом ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, юстиция органдарына жиберилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Чоң-Таш айыл аймагынын жер боюнча жетектөөчү адиси Орозобеков Апсаматка милтеттендирилсин.

 

Чоң-Таш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Осмонов К.К.