Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-августу № 23
Кызыл-Суу айыл аймагында жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3, топтору боюнча салыктын түрлөрүн бекитүү жөнүндө
“Кызыл-Суу айылдык кеңешинин аймагында жер салыгынын, мүлк салыгынын 1,2,3, топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлөрүнө зоналдык коэфициенти бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 17.10.2008–жылдагы Кыргыз Республикасынын салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3 беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап, жер салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы, айылдык кеңештер тарабынан жүргүзүлөтургандыгын эске алып, эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап Кызыл-Суу айыл аймагында ишке киргизилсин;
2. Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептүү, чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аткарылсын;
3. Айыл аймагында финансы-экономикалык бөлүмдөн башчысы, башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1, 2, 3 топтору боюнча объектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын;
4. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары К3 экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэфициенттин колдонуу менен дифференцияланат, ошол себептен К3 зоналдык коэффициентинин мааниси жергиликтүү Кеңештер тарабынан калктуу конуштун зкономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчүлөктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1 октябрьнан кеч эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 тон 1,2 чейинки өлчөмүндө белгиленет.
Эл депутаттарынын айылдык Кеңешинин сессиясынын калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын зоналдык коэфициентин Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча 1,0 бекитилсин.
5. Токтомду юстиция органдарынын каттодон өткөрүп, салык кызматына тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы айыл өкмөтүнүн юристи А.Молдоибраевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Байтоков |