Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-январы № 28/1-1
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентные өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Чолпон-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентинин II бөлүгүнүн 6 главасынын 1 абзацынын сүйлөмү төмөндөгүдөй сүйлөмдөргө алмаштырылсын:
Саясий партийный тизмеси аркылуу шайланган депутаттардын биримдиги - депутаттык фракция болуп саналат. Фракция башка партиядан өткөн депутаттарды өзүлөрүнүн курамына киргизе албайт. Фракциянын статусу - түзүлгөндүгү жөнүндө жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. абзацтын экинчи сүйлөмү жокко чыгарылсын.
2. Токтом Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин башкы адиси Э.Абдылдаевке Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин жооптуу катчысы К.Кайдуевага жүктөлсүн.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Камбаров |