Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-сентябры № 26-16/1
«Дорожник» ААКсынын директорунун милдетин аткаруучу З.К.Бейшебаевдин жолдорду ремонттоо үчүн бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды 2013-жылдын 7 айында пайдаланылгандыгы боюнча отчету жөнүндө
«Дорожник» ААКсынын директорунун милдетин аткаруучу З.К.Бейшебаевдин ишкананын 2013-жылдын 7 айындагы иши жөнүндө отчету угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, энергетика турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба жана боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Дорожник» ААКсынын диркторунун милдетин аткаруучу З.К. Бейшебаевдин жолдорду ремонттоо үчүн бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды 2013-жылдын 7 айында пайдаланылгандыгы боюнча отчету эске алынсын.
2. Шаардын мэриясына тапшырылсын бир айдын ичинде:
- көзкарандысыз аудиторлорду ишкананын каржылык ишмердүүлүгүн толук текшерүү үчүн тартуу:
- ишкананын мындан аркы ишмердүүлүгүнүн максатка ылайыктыгын, материалдык-техникалык базасы мэриянын менчиги болгондуктан, анын ордуна муниципалдык ишкананы түзүү маселесин кароо:
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
6.Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча К.И.Алымбаев), унаа, турак жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча (Э.А.Айсаракунов) туруктуу комиссияларына жана биринчи вице-мэр К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У. Турсунбаев |