Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-сентябры № 26-16/4
№14 бала-бакчада 6 тайпа ачуу жана №4,5,7,10,13 бала-бакчаларда кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Каракол шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.С.Апышеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №14 бала-бакчада 6 тайпа ачылсын.
2. №4 бала-бакчада кошумча 2 тайпа ачылсын.
3. №5 бала-бакчада кошумча 2 тайпа ачылсын.
4. №1 бала-бакчада кошумча 1 тайпа ачылсын.
5. №10 бала-бакчада кошумча 1 тайпа ачылсын.
6. №13 бала-бакчада кошумча 2 тайпа ачылсын.
7. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
8. Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
9. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
10. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бил билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана вице-мэр Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У. Турсунбаев |