Загрузка документа…
Каракол ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-сентябры № 26-16/3
Каракол шаарына №15 орто мектебин ачуу жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы токтом кылат.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарына №15 орто мектеби төмөнкү даректе ачылсын:
722220 Кыргыз Республикасы Ысык-Көл областы Каракол шаары «Восход» кичи району
2. Мектептин кыргыз тилинде толук аталышы:
№15 жалпы орто билим берүү мектеби
Мектептин кыргыз тилинде кыскартылган аталышы:
№15 орто мектеби
Мектептин орус тилинде толук аталышы:
Общеобразовательная средняя школа №15
Мектептин орус тилинде кыскартылган аталышы:
Средняя школа №15
3. Билим берүүбөлүмү билим берүү жана илим министрлигине №15 орто мектебин штаттык бирдикке ылайык каржылоо боюнча өтүнүч менен кайрылсын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин бил билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана вице-мэр Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.Турсунбаев |