Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-сентябры № 26-16/5
Каракол шаарынын Маданият үйүнүн үндөштүргүч аппаратурасынын пайдаланышын жөнгө салуу жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын 11.09.2013-жылдагы чыг.№ 1/16-1471 жана Маданият бөлүмүнүн башчысы А.Асановтун 12.09.2013-жылдагы чыг.№ 127 каттарын угуп жана талкуулап, кымбат баалуу аппаратуранын сакталышын жана Маданият үйүнүн материалдык базасын чыңдоо максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аппаратураны ижарага берүүнү, маданият бөлүмү сунуш кылат, төмөнкү ченемдери бекитилсин:
- аппаратураны шаар ичинде, бир күнгө пайдалануу үчүн ижара-15 000 сом;
-аппаратураны шаардан тышкары, бир күнгө пайдалануу үчүн ижарага- 25 000 сом.
2. Аппаратуранын сакталышына жана ушул токтомдун аткарылышына жоопкерчилик Маданият үйүнүн директоруна жүктөлсүн.
3.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4.Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Ушул токтомду аткарылышына көзөмөл кылуу экономика, каржы, сода, өнөр жай, инвестиция жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комссиясына (К.И.Алымбаев ) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык кеңешинин төрагасы |
У.Турсунбаев |