Загрузка документа…
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 11 сентябры № 2
Михайловка айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1, 2, 3 топтору боюнча салыктын түрлөрүн бекитүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын 2008 жылдын 17-октябрындагы № 231- Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Михайловка айыл өкмөтүнүң киреше боюнча башкы адиси Д. Конурбаеванын “Михайловка айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштап киргизилүүчү салыктын түрлөрү жана калктуу пункттардын, айыл чарба максатындагы эмес жерлердин экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлуктөрүнө жараша зоналдык коэффициентти аныктап берүү” тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Михайловка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Михайловка айыл аймагына 2014-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү салыктын түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди
пайдалангандыгы учун жер салыгы;
- айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы жана
бак –огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- мулк салыгынын 1, 2, 3, 4-тобу;
2. Калктуу пунктардын экономикалык пландоо зонасынын өзгөчөлөктөрүнө жараша
зоналдык коэффициент төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Айылдык жерлердеги жарандарга берилген үйдүн жанындагы, чарбак жанындагы
жана бак –огород жерлеринин тилкелерин пайдалангандар учун 1,0 коэффициент;
- Калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарба максаттарындагы эмес жерлерди
пайдалангандар үчүн 1,2 коэффициент;
3. Жер салыгынын, мулк салыгынын 1, 2, 3, 4-топторунун эсептелиниши жана төлөө
мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын салык Кодексине ылайыктуу аныкталсын;
4. Нормативдик укутук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизилиши учун
каттоого Токтом Ысык-Кол облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн:
5. Токтом юстиция башкармалыгы тарабынан катталгандан кийин 2014-жылдын
1-январынан баштап күчүнө кирип айыл аймагында 201-жылдын 1-январынан баштап колдонулууга киргизилсин;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык экономикалык өнүктүрүү, бюджетти пландоо, социалдык коргоо жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн;
Михайловка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ш. Асыкпаев |