Редакцияот 12.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 12 ноябры № 26-17/3

Каракол шаарынын 2013-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы,  Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр  жана 2013-жылдын 9 айынын такталган планы жөнүндө

Каракол шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматовдун Каракол шаарынын 2013-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, 2013-жылдын башында эркин калдыктан акча каражаттар бөлүнгөндүгүнүн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар түшкөдүгүнүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жана мэриянын резервдик фондусунан бөлүнгөн акча каражаттарын, бюджетти аткаруу процессинде кирешелерди түшүрүү планы өзгөрүлгөндүгүн эске алып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын 2013-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, кирешелер боюнча 186296,5миң сом суммасында, чыгаша боюнча 184285,8 миң сом суммасында, 2010,7 миң сом суммасындагы профицит менен бекитилсин.

2. 2013-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Каракол шаардык каржы бөлүмү бюджеттик мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. 2013-жылдын 9 айындагы Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалар планы 197644,7 миң сом суммасында №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн

6. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.

7. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет

8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча (К.И.Алымбаев) туруктуу комиссиясына жана биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Турсунбаев