КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 12 ноябры № 26-17/5
2013-2014-ж.ж. жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндө
Каракол шаарынын “Теплокоммунэнерго”, “Жылуулук” кичи ишканаларынын директорлору А.Ж. Орозалиевдин, Э.Ногойбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жол, турак-жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын “Теплокоммунэнерго”, “Жылуулук”КИлеринин директорлору А.Ж. Орозалиевдин, Э.Ногойбаевдин “2013-2014-ж.ж. жылытуу мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндө” билдирүүлөрү эске алынсын.
2. “Теплокоммунэнерго”, “Жылуулук” КИрынын директорлору А.Ж. Орозалиев, Э.Ногойбаевдер:
- тез арада көмүрдү алып келүүнү камсыз кылып, алардын көлөмдөрүн тиешелүү ченемге жеткиришсин;
- көмүрдүн келиши жана чыгашасы, температурдук режимдин сакталышы боюнча күнүмдүк эсеп жүргүзүү журналдарын ачышсын жана мэрияга күнүгө билдирүү жасап турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Токтом Ысык-Көл областынын юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жол, турак-жай, энергетика, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Айсаракунов) жана Каракол шаарынын биринчи вице- мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | У.Турсунбаев |