Редакцияот 12.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 12 ноябры № 26-17/8

Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборун” ачуу жөнүндө

Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, “Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборун” ачуу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарынын мэриясы “Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборун” штаттык сыраттаманын негизинде, “Ирада” балдар үйүнүн базасында ачсын.

2. Каракол шаарынын мэриясы 2014-жылдын бюджетинин долбооруна 428,7миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын “Зордук-зомбулукка кабылган балдарды коргоо борборун” камсыз кылуу үчүн киргизсин.

3. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.

4. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.

5. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет

6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча (Н.А.Баратова), экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча (К.И.Алымбаев) туруктуу комиссияларына жана вице-мэр Г.Ж.Орозовага жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Турсунбаев