Редакцияот 12.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013 жылдын 12 ноябры № 26-17/9

Каракол шаарына 2 мини-футбол талаасын курууну кошумча каржылаш үчүн акча каржатын бөлүп берүү жөнүндө

ФФИКОнун директору А.Усуповдун маалыматын угуп жана талкуулап, 29.09.2013-жылы кабыл алынган №26-15/1-р тескемесинин негизинде түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шааарынын мэриясы:

- 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун даярдоодо, Каракол шаарына 2 мини-футбол талаасын куру үчүн акча каржатын бөлүп берүүнү карасын;

- мини-футбол талаалары ишке киргизилгенден кийин, мини-футбол талааларынын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында, ФФИКО ыкчам башкаруу үчүн берсин;

2. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн

3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.

4. Токтом ММКларга жарыялангандан соң күчүнө кирет

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жаштардын иштери, спорт, туризм жана дин маселелери боюнча (М.А.Касенов), экономика, каржы, соода, өнөр жай, ишмердүүлүктү колдоо жана инвестиция боюнча (К.И.Алымбаев) туруктуу комиссияларына жана биринчи вице-мэр К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Турсунбаев