Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июну № 42
Талды-Суу айыл аймагында жер салыктарын жана 1, 2, 3 топторго кирген мүлктөрдөгү объектилерге мүлк салыгын жана зооналык маанидеги коэфиценти Кз бекитүү жөнүндө
17.10.2008-жылы кабыл алынган № 231 Кыргыз Республикасынын Законунун 3 беренесинин 3 пунктун аткаруу үчүн Талды-Суу айыл округунун Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө салыктардын түшүшүн көбөтүү жана сактап калуу максатында Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагында 2014-жылдын 1-январынан баштап салыктын төмөндөгүдөй түрлөрү киргизилсин:
1) Айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгы; (Салык кодексинин негизинде)
2) Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы;
(Салык Кодексинин негизинде)
-пайдаланып жаткан жерлерге Кз -1,2
-пайдаланылбай жаткан жерлерге Кз-1,0 зоналык коэфцент киргизилсин;
3) Короо жай салыгы (СК негизинде)
4) Акыр-чикир чыгаруу жыйымы; (СК негизинде)
-ар бир туруктуу жашоочуга жана айыл аймагындагы мекеме ишканадардын ар бир кызматкерлерине 5 сомдон бекитилсин.
5) Мүлктүн 1, 2, 3 топтогу объектилерине мүлк салыгы СК негизинде)
-зоналык коэфценти Кз-1,0 өлчөмүндө киргизилсин;
6) Малекеттик жана мунципалдык жерлердин, объектилердин ижара акылары
2. Салык эсептерин койуунун тартиби:
-жер салыгы, мүлктүн 1,2,3 топтогу объектилерине мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомду Мамлекеттик нормативдик укукттук актылардын реестирине киргизүү үчүн Ысык-Кол областтык юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл өкмөт башчысы Б.А.Сыдыковко милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Кожалиев |