Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 41
2013-жылдын 14-, 19-, 20-мартында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2013-жылдын 14-, 19-, 20-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын: Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн, Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн, Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн, Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата, Шадыкан айыл өкмөттөрүнүн, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн, Нарын районундагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн, Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 26, № 27 токтомдору менен дайындалган. Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
2. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
3. 2013-жылдын 19-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
4. 2013-жылдын 19-мартындагы Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Талас районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
5. 2013-жылдын 19-мартындагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
6. 2013-жылдын 20-мартындагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
7. 2013-жылдын 19-мартындагы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.