Загрузка документа…
КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-августу № 2
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобун Административдик аймакка киргизилиши жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231-мыйзамынын 3-беренисинин 3-пунктун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн салык тѳлѳмдѳрүн түшүшүн кѳбѳйтүү максатында Күн-Чыгыш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-январь 2014-жылдан баштап административдик аймакка тѳмѳндѳгү салыктар киргизилсин.
Айыл чарба жерлерине, үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдалангандыгы үчүн - зоналдык коэффициенти 1 менен бекитилсин
Айыл чарба багытында болбогон жерлерге - зоналдык коэффициэнти 1,2 менен бекитилсин
Мүлк салыгынын 1,2,3,4, тобундагы объектерине - зоналдык коэффициенти 1 менен бекитилсин
2. Салыктарды тактоо жана эсептѳѳ жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын финансы-экономикалык бѳлүмүнѳ жана жер адисине тапшырылсын.
Мүлк салыгынын 1,2,3,4 тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык каралсын
3. Ушул токтом каттоодон ѳтүп Ысык-Кѳл областынын Адилет башкармалыгына ченемдик укуктук актылары мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү үчүн жиберилсин.
4. Токтом 1 январь 2014 жылдан баштап күчүнѳ кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Күн-Чыгыш айыл Ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы В.Абдулдаевага жуктѳлсүн.
Күн-Чыгыш айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Баястанов |
Күн-Чыгыш айылдык кеӊешинин катчысы |
Г. Шакирова |