Редакцияот 12.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮН-ЧЫГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин V-чакырылышынын II- сессиясы

 

2013-жылдын 12-январы № 7

Күн-Чыгыш айыл аймагынын Ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарбасына тиешелүү эмес жерлерге жана мүлктѳр салыгына жайгашкан жер шартына ылайык К-3 зоналдык коэффициентин бекитүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин киргизүү жѳнүндѳгү” мыйзамынын 3-беренесинин Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин киргизүү жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 3 беренесине ылайык Күн-Чыгыш айыл аймагында жайгашкан айыл чарбасына тиешелүү эмес жерлерге жана мүлктѳр салыгына жайгашкан жер шартына ылайык К-3 зоналдык коэффициенти 1,2 эсептик кѳрсѳткүчү менен бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын Ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы В.Абдулдаевага тапшырылсын.

 

Күн-Чыгыш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

С. Баястанов

 

Күн-Чыгыш айылдык

кеӊешинин катчысы

 

Т. Аламанов