Загрузка документа…
ТОҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 16 сентябры№ 48
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1.2.3.4. тобун Административдик аймака киргизили жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн салык төлөмдөрүн түшүшүн көбөйтүү максатында
Тоң айылдык Кеңеги
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.01.2014-жылдан баштап административдик аймака төмөндөгү салыктар киргизилсин.
Айыл чарба жерлерин, үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участогун пайдаландыгы үчүн - зоналдык коэффициенти маанисин 1 менен бекитилсин.
Мүлк салыгынын 1.2.3.4 тобундагы объектерине – зоналдык коэффициентин маанисин 1 менен бекитилсин.
Айыл чарба багытында болбогон жерлерге – зоналдык коэффициенти 1.2 менен бекитилсин.
2. Салыктарды тактоо жана эсептөө жагы Тоң айыл аймагынын финансы - экономикалык блүмүнө жана жер адисине тапшырылсын.
Мүлк салыгынын 1. 2. 3. 4 Тобундагы объектилери жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык каралсын.
3. Ушул токтом каттодон өтүп , Ысык – Көл областынын Адилет башкармалыгына ченемдик укутук актылары мамлекеттик каттодон өткөрүү үчүн жиберилсин.
4. Токтом 1.01.2014 – жылдан баштап күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоң айыл аймагынын финансы - экономикалык башчысынын милдетин аткаруучу Т. Байзаковго жүктөлсүн.
Тоң айылдык Кеңешинин төрайымы |
А. Макешева |
Катчысы |
Б. Бейшекеева |