Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014жылдын 7-февралы №28/1-6
Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2013-жылдын 19-сентябрындагы кезектеги VIII сессиясында кабыл алынган №28/8-9 “Чолпон-Ата шаарынын административдик аймагындагы жер салыктары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Чолпон-Ата шаарындагы борбордук базардын директору А.Мусаеванын 2014-жылдын 30-январдагы арызын жана элдердин суранычын карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 19-сентябрындагы №28/8-9 “Чолпон-Ата шаарынын административдик аймагындагы жер салыктары жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
-Токтомдун 1-пунктунун 1-абзацы алынып салынсын.
-Токтомдун 2-пунктундагы “1,2 өлчөмүндө” деген сөздүн ордуна “төмөндөгүдөй” деген сөзгө алмаштырылсын жана 3 абзац кошулсун.
-Айыл–чарба багытындагы эмес жер салыгына-1,2. Базар жана кичи базар-0,8;
-Короо-жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн-1,0;
-1,2,3 топтогу мүлк салыгына-1,2. Базар жана кичи базар-0,8
2.Токтом мыйзам чегинде Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин реестрине №9 каттоодон өткөрүлүп, юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Б.Иманбеков |