Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңеши V шайланган кезектеги VI заседаниеси
2013-жылдын 13-марты № 4/1
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы H. Парманасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Парманасовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Кун-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдик жыйында 2013-жылдын 15-апрелине чейин өткөрүлсүн жана жайлоого көчүп кетүүнүн, көчүп келүүнүн мөөнөтү эл менен макулдашып, чечишип эл менен белгиленген мөөнөттө жайлоого көчпөсө, күнүнө 500 сомдон налог акча алынсын.
3. Ленин айыл өкмөтүнө сырттан келген малдарга 1 сезонго майда жандык 20 сомдон, бодого 50 сомдон налог өндүрүлсүн жана өндүрүлгөн акча каражаты айылдын койгойлуу маселелерине жумшалсын. Бул боюнча отчет берүү ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |