Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңеши V шайланган кезектеги IV заседаниеси
2013-жылдын 13-марты № 4/2
Ленин айыл өкмөтүндө аймагындагы мектептердин 1-4-класстардын окуучуларына жана балдар бакчасынын балдарына берилүүчү шашке тамактарын берүүнүн абалы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин 1-4-класстардын окуучуларына жана балдар бакчасынын балдарына берилүүчү шашке тамактарын берүүнүн абалы боюнча социалдык, жаштар саясаты, маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Нурматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Жээнбеков, С.Карыев атындагы орто мектептери суук, менюда белгиленген печеньенин ордуна «Элдик» печеньесин берип, баасы боюнча айырмасы бар экендиги белгиленсин.
2. 1-4-класстын шашке тамагын берүүдө окуучулар коржикти танып жебей калгандыктан, менюнун өзгөртүп, чечип берүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн чыгашалар боюнча бухгалтерии Т. Абиевке тапшырылсын.
3. С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин окуучуларына шашке тамагын берүүдө столдордун клеенкалары, стакандары талапка жооп берилбегендиги, идиш-аяктын жетишпестигин жоюуу мектеп директору С. Исаковага милдеттендирилсин.
4. Ленин айыл өкмөтүндө аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр менен иштөөнүн абалы, социалдык колдоого муктаждыгы жөнүндө социалдык, жаштар саясаты, маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Нурматовдун билдирүүсү эске алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл жагы социалдык, жаштар саясаты, маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |