Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңеши V шайланган кезектеги IV заседаниеси
2013-жылдын 13-марты № 4/4
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А. Арзыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуула, Ленин айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А.Арзыбековдун жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү боюнча билдирүүсү эске алынсын .
2. Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүдө колдо болгон айыл чарба шаймандарын, техникаларын ондоо, жарактуу абалга келтирүү, элди картошка, арпа, буудай, урук, куйуучу май, (солярка) менен камсыз кылууда акча каражатын алдын-ала топтоп, заявка берүү жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Ленин айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
З. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |