Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңеши V шайланган кезектеги IV заседаниеси
2013-жылдын 13-марты № 4/5
Вет инспекторлордун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Вет инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери боюнча мыйзам жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Максутбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вет. инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери боюнча мыйзам жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Максутбаевдин билдирүүсү эске алынсын .
2. Малдардын жугуштуу ооруларына (бруцеллез, кара сан, шарп) каршы өз мөөнөтүндө ит ээлери эхинококкоз оорумуна келген дары-дармектер менен жылына 4 жолу, мышыкка 1 жолу эмдоо жүргүзүлсүн. Жолбун иттерди атып жок кылууга бөлүнгөөн акчаны сарамжалдуу пайдаланып, 2013-жылдын 1-апрелине чейин атып жок кылуу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн ветинспектору Н. Парманасовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө жагы мыйзам жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |