Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңеши V шайланган кезектеги IV заседаниеси
2013-жылдын 13-марты № 4/9
Ленин айыл өкмөтүнүн Гагарин айылындагы Тооашкан башталгыч мектебинин жана 8 кожолуктун турак жайларын суу жеп кетүү коркунучу жаралып жаткандыгы жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн ОК боюнча башкы адис Н.Нурдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Гагарин айылындагы Тооашкан башталгыч мектебин жана 8 кожолуктун турак жайын суу жеп кетүү коркунучу жаралгандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен дамба куруп берүү жаты суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ленин айылдык өкмөтүнүн ОК боюнча башкы адис Н. Нурдиновго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |