Редакцияот 18.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык кеңеши III чакырылышынын XV заседениеси

 

2013-жылдын 18-февралы № 15/5

Кабылан-Көл айыл округунда ыксыз ыгым- чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Кабылан-Көл айыл округунда ыксыз ыгым-чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча иш алып барүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап.

Кабылан-Көл айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл округунда ыксыз ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл-айылдарда атайын комиссиялар түзүлүп, айылдык Кеңеште бекитилген жобого ылайык иш алып барылсын.

2. Түзүлгөн комиссиялар депутаттар, аппарат кызматкерлери, Аялдар кеңеши, Аксакалдар соту, Жаштар комитеттери, айыл-айылдардагы жамааттар, мекеме кызматкерлери. Жана жетекчилери, айыл имамы тарабынан биргелешип иш алып барылсын.

2. Кабылан-Көл айыл округунда ыксыз ыгым- чыгымдарды кыскартуу менен каада-салт, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жагы айыл башчыларына милдеттендирилсин.

 

Кабылан-Көл айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ш. Акаев