Редакцияот 18.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Конур-Дөбө айыдык кеңешинин III чакырылышынын XVI заседаниеси

 

2013-жылдын 18-февралы №16/7

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө келген гуманитардык жардамды, жардамга муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү туура тактап өз деңгээлинде таркатуу жөнүндө

Конур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө келген гуманитардык жардамды, жардамга муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, туура тактап өз деңгээлинде таркатуу түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.

2. Айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактап, айылдык Кеңештин депутатарынын кароосуна коюу айыл өкмөтүнүн соц. кызматкерине жана айыл башчыларына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Бегматов