Редакцияот 11.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Конур-Дөбө айыдык кеңешинин III чакырылышынын XVII заседаниеси

 

2013-жылдын 11-марты №17/8

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шоро айылынын тургуну Кенжеев Полоттун жазган арызын кароо жөнүндө

Конур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Шоро айылына караштуу аялдаманын жанынан элдерди тейлөө жатында авто машина ремонтоочу ширетүүчү цехи, чачтарач жана башка социалдык жайларды ачууга 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Берилген жер эки жылга чейин социалдык обьекти курулбаса жер кайра кайтарылып алына тургандыгын эскертилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Бегматов