Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18 февралы №3/2
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2011-2012-жылдардагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөт боюнча тузулгон комиссия тарабынан сунушталган 2011-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2012-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу үчүн айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2011-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 7702,6 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 7689,5миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 9706,1 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 9640,0 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн 2011-2012-жылдардагы бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге, отчетторго так даана көрсөтүлүшүн кирешелер боюнча жетектөөчү адис Б. Урайимовго, чыгашалар боюнча башкы адис А. Исмановго жүктөлсүн. Жалпы жагынан көзөмөлдөө айылдык Кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаилов К.Э.Бнын башчысы Н. Нуридиновго милдеттендирилсин.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
З. Эрматов |