Редакцияот 18.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 3-заседаниеси

 

2013-жылдын 18 февралы №3/10

Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн Фермердик кошуундарынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин кароо жөнүндө

Жаны-Алай айылдык кеңеши айыл округунда түзүлгөн Фермердик кошуунунун мүчөлөрүнүн 15-февраль 2013-жылдагы жалпы чогулушунун чечимин карап чыгып жана Кошуун кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн Фермердик кошуундарынын мүчөлөрүнүн 15-февраль 2013-ж. жалпы чогулушунун негизинде Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн фермердик кошууну жоюлсун.

2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн фермердик кошуунун жоюу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү Кошуун кеңешинин төрагасы А Адапбаевге жана бухгалтери Ш Бакмаматовго милдеттендирилсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

Жаны-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

З. Эрматов