КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин бешинчи сессиясы (бешинчи шайланган)
2013-жылдын 28 февралы №V-2
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, 2013-жъшга бюджетинин жана 2014- 2015-жылдарга божомолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга Кыргыз-Ата айылдык округунун бюджети иштелип чыгып, айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниесинде айтылган пикирлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2012-жылдагы киреше бөлүгү республикадан алынган трансферттерди жана атайын каражаты кошкондо киреше бөлүгү такталган план 48512,8 миң сомго, аткарьшгандыгы 49199,3 миң сомго же 111,4 %га, чыгаша бөлүгү план боюнча 49070,6миң сомго, аткарьшгандыгы 48526,5 миң сомго же 98,9%га бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата жергиликтүү өзун-өзу башкаруу органынын финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо үчүн максатуу жана толуктоочу гранттарга каралган суммаларды кошуп эсептелгенде 2013-жылга жалпы киреше 47684.5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 47684.5 миң сомго анын ичинен жергиликтүү бюджетинин кирешеси 5043.5 миң сомго, чыгашасы 5043.5 миң сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2014-жылга божомолдуу киреше 48630,9 миң сомго, 2015-жъшга киреше 49006,4миң сомго бекитилсин.
4. Жогорудагы токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук Кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз – Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасынын орун басары |
К. Назарбаев |