Редакцияот 18.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги VI заседаниеси

 

2013-жылдын 18-февралы № 4/1

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын социалдык – экономикалык планынын аткарылышы жана 2013-2015-жылдарга болжолдуу социалдык – экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн планын жана 2013-2015 – жылдарга болжолдуу өнүгүү планы боюнча билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө  айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.( тиркелет ).

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн орто аралыктагы 2013-2015-жылга карата түзүлгөн социалдык – экономикалык өнүгүүнун стратегиясынын аткарылышы жөнүндө, пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча, зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы, айыл өкмөт башчысына, менчигинин туруно карабастан бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине  милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.

 

Үч-Төбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Акматов