ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык кеңешинин (V-шайланган) көзектеги IV -сессиясы
2013-жылдын 19 марты № 4-1
Төлөйкөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылдык округунун жооптуу катчысы З. Мазаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин депутаттарынын ой пикирлерин эске алып депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Сагынбаев |