Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 5/1
Ленин айыл өкмөтүнүн «Жоогазын» балдар бакчасындагы эчкилерин уйга алмаштыруу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн «Жоогазын» балдар бакчасындагы эчкилерин уйга алмаштыруу жөнүндө балдар бакчасынын убактылуу директору М.Асанованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жоогазын» балдар бакчасындагы эчкилерин уйга алмаштыруу жөнүндө балдар бакчасынын убактылуу директору М.Асанованын билдирүүсү эске алынсын.
2. «Жоогазын» балдар бакчасындагы эчкилерин уйга алмаштыруу боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы түзүлсүн:
Д.Бекжанов-Айылдык Кеңештин депутаты
О.Ажиев-айылдык Кеңештин депутаты
Ж.Аденов-айылдык Кеңештин депутаты
И.Жакыпов–Ленин айыл өкмөтүнүн бухгалтерии
Н.Сакенова – «Жоогазын» балдар бакчасынын мурдагы директору
М.Асанова-«Жоогазын» балдар бакчасынын убактылуу директору
З.Курбанов-Мурдаш айылынын айыл башчысы
3. «Жоогазын» балдар бакчасындагы эчкилерин уйга алмаштыруу иш аракетин жүргүзүү жагы жогоруда түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |