Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 5/3
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды төгүүгө жер берүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн убактылуу айыл чарбасы жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А.Кариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды төгүүгө жер жок болгондуктан ар бир айыл тургундары өз огороддоруна чункурча казып таштанды төгүшсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жоробеков |