Редакцияот 18.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин V шайланган кезексиз V заседаниеси

 

2013-жылдын 18-апрели № 5/9

Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-2015-2016-жылдарга бюджеттин долбоорун кабыл алуу жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн 2014-2015-2016-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Сарыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга кирешелер боюнча долбоору 31207,9 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 31207,9 миң сомго бекитилсин.

2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 31350,0 миң сомго, 2016-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 31427,5 миң сомго бекитилсин.

3. Ленин айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 2014-жылга 250,0 миң сомго, 2015-жылга 250,0 миң сомго, 2016-жылга 250,0 миң сомго бекитилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловко тапшырылсын.

 

Ленин айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Жоробеков