Редакцияот 27.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2013-жылдын 27-марты № 14

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн “Жайыт комитетинин” 2012-жылы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Жайыт комитетинин» төрагасы Чыбышев Токтогулдун 2012-жылы комитеттин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик «Жайыт комитетинин» 2012-жылы бюджетинин киреше бөлүгү 300,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 187,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

П. Жунусалиев