Редакцияот 27.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2013-жылдын 27-марты № 17

Ак-Терек айылынын тургуну Инашов Султанбекке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аппараттык Кеңешмесинин отурумунун сунушунун негизинде Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылыш 4-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкондугу үчүн жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аппараттык Кеңешмесинин отурумунун 6-февраль 2013-жыл № 1 протоколунун негизинде Инашов Султанбекке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, коомдук уюмдар менен иштөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

П. Жунусалиев