КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 5-кезексиз заседаниеси
2013-жылдын 15-апрели № 5/4
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Төрөканова Калипанын арызын канааттандыруу жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Төрөканова Калипанын Ж.Алимов мектебинин көмүрканасынын жанынан көрктөндүрүү үчүн жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып,
Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Төрөканова Калипага Ж.Алимов атындагы орто мектебинин көмүрканасынын түштүк-батыш тарабынан айыл чарбасына жараксыз жеринин 0,05 га жер аянты көрктөндүрүү үчүн бөлүнүп берилсин жана жер салыктарын өз убагында төлөп туруу жагы К.Төрөкановага милдеттендирилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянтын чектеп, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Жер салыгынын төлөмдөрүн өз убагында алып туруу жагы Корул айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине (Т.Оморовго) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |