Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-апрели № 6/1
Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин тосмосун тосууда мектеп директору Т.Жетимишовдун «Арууке-Профи» ЖЧКсынын финансылык иштерине аралашып, финансылык ката кетиргендиги жана ата-энелердин, мектеп жамаатынын арыздарынын негизинде кызмат абалын кароо жана жыйынтык чыгаруу боюнча
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин тосмосун тосууда мектеп директору Т.Жетимишовдун «Арууке-Профи» ЖЧКсынын финансылык иштерине аралашып, финансылык ката кетиргендиги жана кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн, ата-энелердин, мектеп жамаатынын арыздарынын негизинде, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясынын сунушу менен депутаттардын жашыруун ишенбөөчүлүк көрсөтүү добушунун негизинде кызмат абалын карап, кызматтан четтетүү жагын, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго сунушталсын.
2. Кен-Жылга айылындагы М.Маназаров атындагы негизги мектебинин тосмосунун бүтпөгөн иштерин бүткөртүү жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Корул айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров |